• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, Бишкек – Ош унаа жолу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчкү бүгүн, 11-мартта саат 13:30дар чамасында Бишкек Ош унаа жолунун 255-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 360 куб метрди түзөт.

Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана бир атайын техника жолду кардан тазалоодо.

Пикир

Оставить комментарий