• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Кечээ, 13-мартта болжол менен кечки саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшкөн. ӨКМден кабарлашкандай, унаа жол жабылган.

Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жок.

Жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн атайын 40дан ашуун куткаруучу жана техникалар тартылган.

“Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымы тазаланууда”,-деп кабарлашты ӨКМнин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий