• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чычкан капчыгайында кар көчкү тосмосу курулууда

Коом 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусундагы Чычкан капчыгайында ири кар көчкү тосмосу курулууда. Аны JICA япониялык эл аралык кызматташуу агенттиги каржылоодо.

Башкы инженер Кутами Осам белгилегендей, кыргыз тарап Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайында кар көчкү тосмосун курууга жардам көрсөтүү боюнча кайрылган.

"Япониянын өкмөтү бул демилгени колдоону чечип, 44 млн. иен бөлгөн. Ал курулуштун узундугу 1 чакырым 460 метрди түзүп, 460 метри туннель болууда. Бул жолдун эң кооптуу тилкеси болуп, кыш мезгилинде кар көчкү көп түшөт. Ишти 2021-жылдын ноябрь айына карата бүткөрүүнү көздөп жатабыз", - деди ал.

Токтогул районунун Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын директору Анарбек Чотубаев билдиргендей, бул тосмону 2004-жылдары эле куруу белгиленип жаткан, бирок ага мүмкүнчүлүк болбой келген.

"Эки жыл мурун Япониянын каржылык колдоосу менен курулушту баштадык. Учурда жолдун жээктери кеңейтилип, курулманын дубалдарын бекемдөө жүрүүдө. Дээрлик 90 киши иштеп жатат. Бул жерге 2 млн. кубга чейин кар жаап коет. Адам өмүрүн алган учурлар болгон", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий