• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чычкан капчыгайында жол кырсыгы катталып, эки киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 262-чакырымында (Чычкан капчыгайы) Жигули жана Фура үлгүсүндөгү унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган аял жаракат алып, эки эркек киши каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине, ал эми жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Төрт куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий