• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чычкан суусуна агып кеткен аялды издөө иштери убактылуу токтотулду

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Чычкан суусуна агып кеткен аялды издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-август күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-жылы туулган Д.В. аттуу аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткен.

6-август күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 21 куткаруучу, туугандарынан 10 адам тартылып издөө иштери суу тартылганга чейин убактылуу токтотулду.

Учурда куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуна кайтышууда.

Пикир

Оставить комментарий