• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чычкан суусуна бензовоз кулап, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 22.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда Freightliner үлгүсүндөгү бензовоз Чычкан суусуна түшүп кеткен. Кырсыктан бир адам каза болуп, дагы экөө жабыркаган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жол кырсыгы унаа жолдун 264-чакырымында 20-январда болжол менен саат 23:15 катталган.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен.

Кырсык болгон жерге ӨКМнин куткаруучулары барып, сөөктү унаадан алып чыгышкан. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканага жеткирилип, маркумдун сөөгү ошол эле оорукананын моргуна өткөрүлүп берилген.

Кырсык болгондун эртеси күнү куткаруучулар окуя болгон жерге келип, жүк ташуучу унаанын ичиндеги документтерди чогултуп, прокуратурага өткөрүп беришкен. Унаада 38 тонна күйүүчү май болгон.

Эске сала кетсек, 5-январда Бишкек-Ош унаа жолунда бензовоздун катыышуусунда жол кырсыгы катталган.

Пикир

Оставить комментарий