• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чычкан суусуна кулаган унаа: Үчүнчү адамдын денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Чычкан суусуна кулаган унаанын ичиндеги үчүнчү адамдын денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, баланын денеси саат кечээ, 23-июль 18:40та унаа кулаган жерден 16 чакырым алыс жерден табылган.

Эскерте кетсек, 2-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 270-чакырымында Чычкан суусунан 22 жаштагы А.И. аттуу баланын денеси табылган.

4-июль күнү Чычкан суусунда жансыз денеси табылган А.И. аттуу баланын жанында 22 жаштагы Ө.Б. жана М.Т. уулу аттуу эки жаш жигиттин бар болгондугу жана алар дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Андан бир күн өтүп, 5-июлда "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа, ал эми 6-июль күнү 22 жаштагы М. Т. уулунун жансыз денеси табылган.

Пикир

Оставить комментарий