• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чычкан суусуна Lexus автоунаасы түшүп кетип, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Күн мурун, 2-июнда Бишкек–Ош унаа жолунун 275-чакырымында Lexus-470 үлгүсүндөгү автоунаасы Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаанын ичинде беш адам болгон, экөө жеңил жаракат алып, тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген.

Жерине беш куткаруучу, бир жүктөгүч жана ИИМден бир экипаж тартылып, унааны суудан чыгарып, ээсине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий