• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чычкан суусуна түшүп кеткен күйүүчү май ташуучу унаа суудан чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 23.01.18. /Кабар/. Чычкан суусуна түшүп кеткен күйүүчү май ташуучу унаа суудан чыгарылды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январда саат 15:30 сууга түшүп кеткен унааны суудан чыгаруу үчүн атайын 10 тонналык кран тартылып, саат 17:30да жүк ташуучу унаа чыгарылган.

Эске сала кетсек, 20-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында Чычкан суусуна "Фредлайнер" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий