• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чычырканактын пайдасы жана колдонуу ыкмалары

Дүр дүйнө 0

Чычырканак витаминдерге жана микроэлементтерге бай күзгү мөмө. Анда 3,5% кант, ошондой эле С, В1, В2, фолий кычкылы, РР, К, Р жана Е, каротин, темир, бор, марганец сыяктуу пайдалуу элементтер бар.

Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Адистердин айтымдарында, аны ар дайым жеп жүрсөңүз - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алууну шарттайт. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.

Пайдасы жана аны колдонуу ыкмалары:

1) Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын пайдалануу зарыл. Маңыз мындай жасалат: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатуу керек. Жарым стакандан күнүнө 2 жолудан ичилет.

2) Иммундук системаны бекемдөөдө таасирдүү каражат.

3) Аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоодо да бул жемиш оң натыйжа берет.

4) Курамында темир көп болгондуктан, аз кандуулукта жана алсыроодо жардамга келет.

5) Чычырканактын жалбырагынан демделген чай оозулду дарылоодо натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.

6) Ашказан рагын дарылоодо күнүнө 3 жолу 1 чоң кашыктан чычырканак жеп туруу жакшы жыйынтык берет.

7) Чычырканак майы да абдан пайдалуу. Ал ашказан жарасын, гастритти айыктырууда кеңири колдонулат. Бул оорулардан жабыр тарткан адамдар тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан кабыл алып туруулары зарыл. Бир айдын ичинде күнүнө 3-4 жолудан бузбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгонун байкоого болот.

8) Теринин сырткы жарасын (ириңи жок) же күйүктү айыктырууда жаранын үстүнө чычырканак майын сыйпап, бинт менен таңып, аны күн сайын жаңылап байлап туруу зарыл. Ашказан жарасында 1 чай кашыктан күнүнө 2-3 жолу ичүү зарыл. Бүйлөлөрдүн сезгенүү оорусунда, пародонтоздо кебезди чычырканак майына чылап, ооруган жерге 10-15 мүнөт коюу керек. Бир-эки жуманын ичинде бул процедураны күнүнө 1-2 жолудан кайталоо керек.

9) Баланын иммунитетин көтөрүү үчүн бир айлыгынан баштап берүүгө болот. Алгач оозуна бир тамчыдан тамчылатып баштап, бара-бара көбөйтүп отуруу керек.

10) Чычырканактын майы косметологияда да кеңири колдонулат. Мисалы, аны кургак териге колдонушат. Бет терисине арналган кремге бир нече тамчы чычырканак майын аралаштырып, бул аралашманы бетке сыйпоо теринин ашыкча кургактыгынан арылтат. Сына берген тырмакты катырууда да бул май жардамга келет. Ал үчүн майды тырмакка сүртүп, ошол эле учурда ичип туруу зарыл. Косметологдор чачты жуудан эки саат мурун баштын терисине чычырканактын майын сүртүүнү сунушташат. Муну менен чач бекем болуп, мындан сырткары жалтырап, кундуздай көрктүү болуп көрүнөт. Ал эми чач түшүүдө чычырканактын мөмөсүн көбүрөөк жеш керек же бутагынын маңызына чачты жуу керек. Жуугандан кийин чачка майын сүртүү сунуш кылынат. Мындан тышкары, курамындагы Е витамининин эсебинен аялдардын сулуулугуна, жаш көрүнүүсүнө таасирин тийгизет. Cепкилди, тактарды кетирип, бетти агартат. Күнгө күйгөн терини кайра тез калыбына келтирет. Чычырканак майын үй шартында жасап алсаңыз болот 1) Чычырканактын ширесин сыгып, ачык жерге коюп коёсуз. Бир суткадан кийин ширенин эң үстүңкү катмарында май пайда болот. Аны чогултуп аласыз. 1 кг чычырканактан болжол менен 80 г май алынат. 2) Чычырканактын ширесин сыгып аласыз. Кабыгы менен сөөгүнүн калдыгын майдалап, үстүнө 60°Сге чейин ысытылган өсүмдүк майын куясыз. Бир сутка тыныктырып, андан соң суюк бөлүгүн - майын тундуруп аласыз.

Маанилүү эскертүү: Ашказан алдындагы без, боор, өт, панкреатит оорулары менен ооругандар, аллергияга жакын адамдар, ашказанында кычкылдуулук жогору болгон адамдар чычырканакты колдонууга болбойт. Ошондой эле чычырканакты дары каражаты катары колдонуу алдында дарыгер менен кеңешүү туура болот.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий