• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чыгармачыл балдар Чыңгыз Айтматовду эскеришти

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда “Сейтек” балдардын чыгармачылык борборунун жана “Ак Шоола” балдар хорунун тарбиялануучулары “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, эскерип келишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Кырдаалга байланыштуу бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өспүрүмдөр залкар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү жана К.Молдобасановдун “Саманчынын жолу” балет-ораториясынан Жер-Эненин аза-ырын аткарышты.

Иш-чарага Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү, белгилүү акын-жазуучулар, академиктер жана балдардын ата-энелери катышты.

Пикир

Оставить комментарий