• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чыгым 500 миң сомдон ашуун. Ошто уурулук менен алектенген топ кармалды

Аймак 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда уурулук менен алектенген уюшкан топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облустук милициянын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 12-фералында уурулук менен алектенген уюшкан топ кармалды.

Тактап айтканда, Араван районунун 23 жаштагы Л.уулу.О. аттту тургуну жана Кара-Суу районунун 29 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну Ош шаарынын аймагында кармалып, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде ("Уурулук") каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.

Маалым болгондой, ачылган кылмыштардын арасында буга чейин интернет мейкиндигине тараган “Кара-суу районунун Фурхат айылынын тургуну Россия Федерациясында жүргөн жарандын үйүнө уурулукка кирди деген” коомчулуктун арасында резонанс жараткан фактыга тиешеси бар экендиги жана мындан башка 6 кылмыш ишин жасагандыгы аныкталган.

"Бул кылмыштуу топ тарабынан жабырлануучуларга 500 миң сомдон ашык чыгым келтирилгени такталды. Кылмышка шектүүлөрдүн бири буга чейин уурулук фактысы менен бир нече жолу соттолгон Л. уулу О. издөөдө жүргөн".

Мындан сырткары, азыркы учурда кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогун иликтөө боюнча иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий