• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чыгыш-5 кичирайонунда жаңы спорт комплекси курулат

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда жаңы спорт комплекси курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Спорттук объекттин аянты 2 миң чарчы метрден ашып, анын курулушуна дээрлик 50 млн сом сарпталмакчы. Каражат борбор калаанын бюджетинен бөлүнүүдө.

Учурда курулуш иштери башталып, ал келерки жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, аталган спорт комплексине грем-рим балбаны, Азия чемпиону Раатбек Санатбаевдин ысымы ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий