• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чыгыш университети маалыматтык саясатын күчтөндүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети жана “Түркел” коомдук фонду кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Келишимге ылайык, аталган окуу жайдын маалыматтык материалдары Golden Bridge News маалымат агенттигинин сайтына жайгаштырылат.

“Түркел” коомдук фонду расмий сайтына жарыялоо үчүн келишим түзүүнүн алдында компанияларды жана ишканаларды тыкыр тандоо жүргүзөт. Чыгыш университети Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ичинен лидерлерден болуп саналат. Ошондуктан, мен биздин кызматташуубуз узак мөөнөттүү жана жемиштүү болот деп ишенем”, - деп белгиледи фонддун президенти А.Халилова.

Маалымат үчүн: “Түркел” коомдук фонду 2003-жылы Борбор Азиянын аймагында гана эмес, бүт дүйнөдө жашаган ар кыл улуттардын өкүлдөрүнүн ортосундагы достукту бекемдөө максатында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий