• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чыгыш университетинде “Донордук кан күндөрү” өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Биринчилерден болуп Чыгыш университетинин ректору А.О.Ибраев кан тапшырды. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ректор өзү үлгү болуп, кан тапшыруунун медициналык талаптарына жооп берген Чыгыш университетинин профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерди өз эрки менен кан тапшырууга чакырды.

Аталган иш-чара КРнын дарылоо уюмдарын донордук кан менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында уюштурулган.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык кан борборунун кызматкерлери кан тапшырууда Чыгыш университетинин профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттердин өтө активдүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий