• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чылым чегүүнүн кесепети: Кыргызстанда дээрлик 6 миң адам каза болду

Коом 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кыргызстанда чылым чегүүдөн дээрлик 6 миң адам каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев билдирди.

Анын айтымында, КР Саламаттык сактоо министрлигинин эң бир приоритеттүү иштеринин бири – чылым менен күрөшүү. Анткени чылым жашоонун сапатына жана узактыгына өз таасирин тийгизет.

“Чылым тарткандар көбүнчөсү 2-4 эсе жүрөк жана онкологиялык оорулар менен жабыркап келишет. Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюмунун (БДСУ) маалыматы боюнча, 6 миңге жакын 30 жаштан жогорку жарандар каза болот. 96% жугуштуу ооруларга алып келет. Чылым чегүү аялдар арасында 4 пайыз, ал эми эркектер арасында 51% чейин тараган”,-деп билдирди ал.

Ал кошумчалагандай, чылымды бир гана 30 жаштан жогору адамдар чекпейт. Бул терс көрүнүш 25 жашка чейинки жаштар арасында да байкалат.

Пикир

Оставить комментарий