• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чылым чегүү жыл сайын жүздөгөн ДНК мутацияларын пайда кылат

Дүр дүйнө 0

Чылым чегүү ден соолукка зыян экени көпчүлүккө белгилүү. Окумуштуулар бул токсиндик химиялык заттар биздин органимзди кантип бузаары тууралуу кошумча маалыматтарды аныкташты.

Жакында эле жарыяланган изилдөө күнүнө бир пачка тамеки чеккен адам жылына ДНКда 333 мутациянын болушуна түрткү берет. Ал эми алардын жарымы гана өпкө менен байланыштуу. Алардын ичинде кекиртек (97), тамак (39) , ооз көңдөйү (23), табарсык (18) жана боор (6) мутациялары бар. Бул мутациялардын көпчүлүгү зыянсыз катары таанылган. Бирок тамеки чегүүнү уланткан адам жыл сайын генинин бузулушуна шарт түзөт. Бул өз кезегинде рактын пайда болушуна алып келет.

Окумуштуулардын тобу бул өз ара байланышты онкологиялык оорулуулардын (чылым чеккен жана чекпеген) миңдеген генетикалык өзгөрүүлөрүн салыштыруу жана аларды мутациялык 5 категорияга бириктирүү үчүн суперкомпьютерлерди колдонуу менен аныкташкан. Категориялардын бири тамеки чеккендерди, айрыкча, өпкө же кекиртек рагы менен жабыркагандар. Бул мутациялар оз алдынча эле боло бербейт, бирок алар клеткалык “сааттарды” тездетип, ДНК клеткаларынын мутациясын көбөйтөт.

Бул бүтүмдөр тамеки чегүү ракты кантип пайда кылаары тууралуу толук түшүндүрмө бербегени менен процесстин татаалдыгын чагылдырат. Алар чылым чеккен адамдын табарсык сыяктуу тамеки түтүнү менен түздөн-түз байланышпаган органдарда рактын пайда болушун түшүндүрүүгө жардам берет. Андыктан рактын түрдүү формаларына чалдыгуу мүмкүндүгүн азайтуу үчүн тамеки чекпей эле койгон туура.

Булагы: GearMix

Пикир

Оставить комментарий