• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чылым чеккен адамдардын көрүүсү жана угуусу начарлайт

Ден соолук 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тамеки чегүү көздүн көптөгөн ооруларын пайда кыларын, аларды убагында дарылабаса көрүү жөндөмүн биротоло жоготуп алуу коркунучу бар экенин билдирет.

Белгиленгендей, чылым чегүүдө төмөнкү оорулардын пайда болуу коркунучу жогору болот:

- Тамеки чеккен адамдарда чекпегендерге караганда макулодистрофия илдети көбүрөөк кездешет, убакыттын өтүшү менен бул илдет көрүү жөндөмүнөн таптакыр ажыратып коет;

- Тамеки чеккен адамдарда катаракта оорусуна - көздүн хрусталиги бозоруп кетишине чалдыгуу тобокелдиги да жогору, мунун натыйжасында көздүн жарык нурларын өткөрүү жөндөмү бузулат. Катаракта көздүн көрүүсүн начарлатат, бул учурда көздүн көрүүсүн калыбына келтирүүчү жалгыз жол – операция болуп саналат.

- Айрым маалыматтарга таянсак, тамеки чегүү глаукомага - көздүн ичиндеги басым жогорулап, көрүү начарлашына алып келген абалга алып келиши мүмкүн.

- Тамеки чеккен чоң адамдар көп учурларда угуу жөндөмүн жоготуп алуудан жабыркашат.

Пикир

Оставить комментарий