• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чылым чеккендер арасында COVID-19га байланыштуу өпкө инфекцияларына чалдыгуу коркунучу жогору

COVID - 19 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Чылым чеккендер арасында COVID-19га байланыштуу өпкө инфекцияларына чалдыгуу коркунучу жогору. Бул тууралуу брифинг учурунда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун чылым чегүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова билдирди.

Анын айтымында, чылым чеккендердин да, электрондук тамеки колдонгондордун дагы COVID-19га байланыштуу өпкөнүн инфекцияларына чалдыгуу коркунучу жогору.

"Тамеки чегүү иммундук системанын функциясын начарлатып, сезгенүүнүн өнүгүшүнө алып келет. Изилдөөлөргө ылайык, вейпинг же электрондук тамекиден ушундай эле зыян келтирилет. Ошондуктан тамеки чеккендердин, электрондук тамекини колдонгондордун арасында COVID-19га байланыштуу өпкөнүн инфекцияларына чалдыгуу коркунучу жогору", - деп билдирди Чынара Бекбасарова.

Пикир

Оставить комментарий