• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чылым тартууну чектеген мыйзам долбоору талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Бүгүн,16-октябрда “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөдөн жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун талкуулган тегерек үстөл болуп өттү. Талкууга Өкмөттүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты, - деп билдирет Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева жана Нурбек Алимбеков тарабынан демилгеленген.

Тагыраагы, бул мыйзам долбоору Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөш жөнүндө Алкактык конвенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун чылымдын таасиринен коргоонун коомдук мамилелерин жана укуктук негиздерин жөнгө салат. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында бул мыйзам долбоору кабыл алынса коомдук жайларда, балдар бар жерде жана коомдук транспортто чылым тартууга тыюу салынат, ошондой эле өлкө аймагында тамеки керектөөнүн жайылышын туруктуу төмөндөтүүгө шарт түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий