• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан качкан адам изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканадан качкан 1999-жылкы Токушев Азамат Куралбекович изделүүдө.

Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, издөөгө алынган жаран 27-июлда болжол менен саат 22:00дө ооруканадан качып кеткен.

Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде Т.А., аттуу жаран 2018-жылы күчтөп дарылоого республикалык психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн.

"Токушев Азамат Куралбековичдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 60-75-67, 0 (702) 54-32-27 , 0 (500) 05-88-06 же "102" кызматына", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий