• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чымкентте аткезчилик менен суюлтулган газ саткан аял соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Чымкент шаарында Өзбекстанга жана Тажикстанга суюлтулган газды аткезчилик менен сатууга күнөөлөнгөн аял соттолду.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, иликтөө учурунда 2020-2021-жылдары шаардагы ишканалардын бирин жетектеген аял суюлтулган газды белгисиз кишилерден документсиз сатып алып, аны коңшу өлкөлөргө жөнөтүп турганы аныкталган.

Ал мыйзамсыз түрдө 340 миң долларга 966 тонна газ экспорттогон. Газды бажы көзөмөлүнөн өткөрүү учурунда ал жасалма келишимдерди көрсөтүп жүргөн. Кийин тергөө документтердин жасалма экенин аныктаган.

Сот өкүмүнө ылайык, жоопкер 10 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөмөй болду. Мындан тышкары ал аткезчилик жол менен сатылган товарлардын наркына тете акчаны да өндүрүп берүүгө милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий