• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чымын конгон тамакты жеген өтө кооптуу

Дүр дүйнө 0

Парктарга эс алууга (пикник) чыкканда дасторкондогу тамак-аштарга конгон чымындарды коркунучтуу эч нерсе болбойт деп айдап коебуз. Бирок жаңы изилдөө курт-кумурскалар кыйла кооптуу бактериялардын алып жүрүүчүлөрү экенин аныктаган. Демек, чымын конуп кеткен тамак-аштарды жегенден качуу керек. эң жакшысы чымын аз жерлерге эс алууга барып жана бөлмөдөгү үй чымындарын жок кылып туруу керек.

АКШнын Пенсильвания штатынын Университетинин изилдөөчүлөрү үйдөгү чымындар сальмонелла, e-coli бактерияларынын, жада калса, ашказан жарасына жана коркунучтуу (өлтүрүүчү) сепсиске алып келүүчү бактериялардын алып жүрүүчүлөрү экенин аныкташты.

Окумуштуулар үй чымынынын (Musca domestica) жана чымындын башка түрү чыгыш чымынынын (Chrysomya megacephala) денесинен табылган микробдорду изилдөө үчүн ДНКны секвенирлөө ыкмасын колдонушкан.

Дүйнө жүзү боюнча тараган үй чымыны 351 түр бактериянын алып жүрүүчүлөрү экени аныкталган. Чыгыш чымыны 316 бактерияны алып жүрөт. Аныкталган бактерия-патогендердин көбүн эки түрдөгү чымындар тең алып жүрүшөт.

Команда чымындын дене бөлүктөрүндөгү, канатындагы, буттарындагы микробдорду өз алдынча изилдеген. Чымындар бактерияларды личинка чыга турган жумурткаларын таштоо үчүн колдонушкан органикалык заттардан топтошот. Лицинкалар биз үчүн жагымсыз бул азыктар менен тамактанып, ар түрдүү бактериялар жана микробдор чогулат. Окумуштуулар ашказан жана ичеги жарасын пайда кылган 15 бактерияны табышкан.

Мындан тышкары айыл жергесиндеги чымындарга салыштырмалуу шаар ичиндеги чымындар көп сандагы бактерияларды алып жүрүүчү болуп саналат. Ошондуктан окумуштуулар шаардагы парктарга караганда айыл жергесине пикниктерди өткөрүү оң экенин белгилешет. Себеби, айылдарда чымындардын популяциясынын жыштыгы шаардан төмөн.

Сингапурдун Технологиялык университетинин изилдөөчүлөрү курт-кумурскалардын буттары бир жерден экинчи жерге кыска убакыт тийсе дагы көп сандагы микробдорду калтырып кетээрин аныкташкан.

Анткен менен окумуштуулар чымындарды ооруларды алдын алуу системасында микробдорду издөө үчүн жандуу учкучсуз жабдуу катары колдонууга болот деп эсептешет. Стерилденген автономдук бионикалык учкучсуз учуучу жабдуу катары кое берилген чымындар ичке жылчык, жаракалар аркылуу өтүп барып, кайра кармалганда өздөрү кабылган биотикалык материалдар тууралуу маалымат бере алышат.

Изилдөө Scientific Reports журналына жарыяланган.

Булагы: GearMix

Пикир

Оставить комментарий