• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Эркин күрөш боюнча 100 кг салмакта күч сынашкан Чынарбек Изабеков финалдык күрөшүүдө польшалык Адама Чойнаскини 5:0 эсебинде утуп, алтын медалды багындырды.

Буга чейин аталган мелдеште Талант Бегалиев алтын, Сааданбек Ниязов коло медалга татыган.

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 19-24-октябрда Грециянын Лутраки шаарында өтүүдө.

Кыргызстандын намысын төмөнкү балбандар коргоодо:

1. Калмурза Жолдубаев - 70 кг (грек-рим күрөшү);
2. Талант Бегалиев - 70 кг (эркин күрөш);
3. Роман Сарыбаев - 88 кг (эркин күрөш);
4. Арген Бегалиев - 88 кг (эркин күрөш);
5. Чынарбек Изабеков - 100 кг (эркин күрөш);
6. Сааданбек Ниязов - 130 кг (эркин күрөш).

Пикир

Оставить комментарий