• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чынбаева Беловодск балдардын психоневрологиялык стационарын текшерди

Коом 0

Бишкек, 01.07.22./Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева менен Беловодск балдардын психоневрологиялык стационарына барды.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган стационардын кызматкери мекеменин тарбиялануучусуна залал келтиргени жөнүндө макала жарыяланган.

Сапар жүрүшүндө Чүй облусунун Москва районунун ИИБсы өткөргөн медициналык экспертиза баланын денесинде эч кандай жаракат аныктаган эмес, ошондой эле мекеме эмгек жамааты суралып, алар дагы залака келтирүү тууралуу маалыматты тастыктаган жок.

Ошону менен бирге мекеменин эки кызматкеринин ортосунда чыр чыгып, ал ЖМКдагы маалыматка себеп болгону аныкталды.

Инспекция жыйынтыгы боюнча балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева кызматкерлердин аракетин этика боюнча комиссияда жана профсоюздук жыйында кароону тапшырды.

Мындан тышкары, Асель Чынбаева аталган мекемеде балдарды кароо жана тамактандыруу шарттары менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий