• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чынбаева КРдагы мектепке чейинки кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү боюнча семинарга катышты

Коом 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. 24-25-февралда Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Кыргызстандагы мектепке чейинки кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү боюнча жумушчу семинарга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Иш-чара президенттин жарлыгын жана өлкөнүн министрлер кабинетинин Буйругун аткаруу максатында өткөрүлдү. Бул демилге Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ жана БУУ-Аялдар менен биргеликте Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан көтөрүлгөн.

Иш-чара 6 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүүгө тартууну көбөйтүп, аны ишке ашыруу үчүн кечиктирилгис жана жөнөкөй чечимдерди табууга багытталган. Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында 2026-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү милдети коюлган.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу боюнча кызматтарды көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу, тамак-аш коопсуздугунун стандарттарынын минималдуу тизмесин кайра карап чыгуу жана аныктоо жана башка маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле формалдуу эмес жеке менчик бала бакчалардын өсүп жатканын, көбүнчө ата-энелер өздөрү кызмат көрсөтүүчүлөргө айланганын белгилешти. Алар колдоого, кесиптик даярдыкка, жеке ишкер калыбында мектепке чейинки билим берүү практикасын мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүнө муктаж.

Өз сөзүндө Асель Чынбаева билим берүү системасынын пайдубалы катары курч социалдык-экономикалык маселени – балдарды мектепке чейинки сапаттуу билим берүү кызматтары менен камсыздоону тез арада чечүү зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик түзүмдөрдүн жарандык жана жеке сектордун өкүлдөрү, эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн программалары менен кызматташууда министрликтер аралык эффективдүү иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл буга комплекстүү чара көрүү, атап айтканда, балдарды тарбиялоодо гумандуу педагогиканы өнүктүрүү боюнча ата-энелер мектебинин тажрыйбасын жайылтуу маанилүү экенине токтолду. Ошондой эле аялдардын бош убакыты болуп, алар өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна көбүрөөк катышууга тандоо мүмкүнчүлүгүн алыша турганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий