• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чынбаева “SOS - Балдар айылы” программасынын 20 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 03.09.22./Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева “SOS - Балдар айылы Чолпон-Ата” программасынын 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мааракелүү салтанат Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Ч. Айтматов атындагы “Рух ордо” маданий борборунда Кыргызстан, Россия, Армения, Беларусь жана Өзбекстандан келген 15 тарбиялоочу энелердин катышуусунда өттү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун Асель Чынбаева окуп берди.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда 20 жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан “SOS” программасынын алкагында ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстанда бул мезгил аралыгында сооптуу максатка багытталган ишмердүүлүктү институтташтыруу мүмкүн болду.

Президент мындан ары дагы кызматташууну чыңдоого даяр экенин билдирди. Анткени ата-энесинин камкордугусуз калган муктаж балдарды колдоо боюнча дагы көп иштерди жасоо керек.

Өз кезегинде Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева мамлекет тарабынан оор кырдаалга кабылган балдардын жашоосун жакшыртууга бардык аракеттер көрүлүп жатканын, балдарды колдоо боюнча ченемдик-укуктук актылар кабыл алынып жатканын белгиледи.

“SOS - Балдар айылдары” федерациясынын президенти Дереже Вордофа өз сөзүндө “SOS” кыймылын колдоо боюнча Министрлер Кабинетинин аракеттерин белгиледи.

“SOS айылынын” ишмердүүлүгүнө каржылоонун 50% мамлекет тарабынан бөлүнөт. Фостердик мекемелерди түзүү боюнча адистерди окутуу иштерине көп көңүл бурулууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилигин өкүлдөрү белгилешкендей “SOS - балдар айылдары үй-бүлөсү жок балдар үчүн жашоого ыңгайлуу шарттар түзүлүп, балдар үйлөрүнө карата уникалдуу альтернатива болуп калды”.

Иш-чаранын алкагында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген SOS-энелерге алтын шакектерди тапшыруу аземи болду.

Белгилей кетсек, учурда дүйнөнүн 134 өлкөсүндө 500дөн ашык “SOS - Балдар айылы” курулган.

Учурда Кыргызстанда эки “Балдар айылы” бар.

Пикир

Оставить комментарий