• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Ысык-Көлдөгү соцобъекттердин абалы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 28.07.22./Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева зомбулуктун же кылмыштуулуктун курмандыгы болгон балдарды коргоо системасына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, “Тирек” үй-бүлөгө жана балдарга жардам көрсөтүү борборунун, ошондой эле Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын иши менен таанышты.

Ошондой эле, Түп райондук администрациясында бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жолугушуу болуп, Балдарга жардам берүү борборуна барды.

Талкуу жүрүшүндө балдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнүн, сексуалдык зомбулуктун, балдардын суицидинин, балдар рэкетчилиги фактыларынын көбөйүшү, мындай көрүнүштөрдүн келип чыгуу себептери жана кесепеттери жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча маселелер каралды.

Бул маселелер облустун жакынкы коллегиясынын күн тартибине киргизилгендигин Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева билдирди. Мындан тышкары, анын айтымында, координациялык кеңеш түзүлүп, балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо, зордук-зомбулукту эрте аныктоо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү механизмин түзүү үчүн Ысык-Көл облусунун ар бир району жана шаары боюнча бирдиктүү План иштелип чыгат.

Маалыматты уккандан кийин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева белгилегендей, негизги көйгөй бийлик органдары менен тиешелүү кызматтардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүндө турат.

Ушуга байланыштуу, иш сапарынын жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия үй-бүлөдө жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу боюнча натыйжалуу иш алып баруу үчүн мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий