• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Хижама ыкмасы Covid-19 илдетинен же пневмониядан сакайта алабы? — адистин жообу

Ден соолук 0


Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандагы кан тамыр хирургиясынын негиздөөчүсү Мамбетакун Намазбеков хижама ыкмасы Covid-19 илдетинен же пневмониядан сакайта алабы же жокпу деген суроого жооп берди.

Анын айтуусуна караганда, хиджама ыкмасы негизинен мурда ата-бабалар тарабынан адамдын денесиндеги кандын басымы жогору көтөрүлүп кеткенде гана колдонулчу. Башка ооруларга колдонушчу эмес.

"Акыркы убакта хижама көрсөтмөсү барбы, жокпу, айтор бардык ооруларга карата колдонулуп жатат. Эгерде адамдын кан басымы 200дөн ашып кетип жатса, дарылоо жакшы натыйжа бербей калса, ошол убакта канды чыгарып, хижама ыкмасын колдонсо болот. Бирок медицина кызматкеринин көзөмөлү астында, белгилүү көрсөтмөлөргө таянып, кан чыгаруу мүмкүн. Мисалы, бөйрөктүн кан тамыры бүтөлүп калып, кан басымы көтөрүлсө бул учурда хижама ыкмасы жардам бербейт. Себеби, бул жакта гормондук бузулуу болуп жатат. Мындан улам кан чыгарып, чыгарбаганына карабай баары бир кан басымы ордуна келбейт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий