• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чыныбаева: Бишкек мэриясы мектептерди ачууга даяр, бирок тиешелүү токтом бизге келе элек

Билим 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы мектептерди ачууга даяр, бирок азыркы учурда борбор калаанын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан тиешелүү токтом келе элек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы балдарды кабыл алууга толугу менен даяр.

“Социалдык тармактарда ата-энелер жоопкерчилик алгандан качып, мектептерди ачпай жатышат деп муниципалитет тарапты айыптап жатышат. Мен биздин билим берүү мекемелерибиз балдарды кабыл алууга даяр экендигине ишендирип кетким келет. Бирок, азыркы учурда эпидемиологиялык кырдаалды жана балдардын арасында респиратордук оорулардын көбөйүп жатканын эске алуу менен мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана саламаттык сактоо башкармалыгы мектептерди толугу менен ачууну сунуштабай келет”, - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана кадимки режимде окуп жатышат.

Мындан мурда мектептер 1-февралдан баштап толугу менен ачылат деп маалымдалган, бүгүнкү күндө борбордогу эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен мектептерди 1-марттан баштап ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий