• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чыныбай Турсунбеков: «Башкы максат – заманбап багыттарды, стратегиялык көз карашты калыптандыруу»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Бул тууралуу Төрага Чыныбай Турсунбеков, бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналганконференцияжүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков башкаруунун парламенттик формасы көпчүлүктүн кызыкчылыгына жана пикирлердин көп түрдүүлүгүнө таянган аянтча экенин баса белгилеп: "Кыргыз тарыхында да жалпы элдик курултайлар менен аксакалдар кеӊештери сыяктуу институттар алгачкы парламенттик башкаруунун үлгүлөрүболгон. Алар баардык оор кырдаалдарда маанилүү маселелерди кеӊешип чечишкен. Андыктан, белгилүү философ жана коомдук ишмер Ральф Уолдо Эмерсон "Дүйнө кайда бара жатканын билген кишиге жол берет" деп айткандай, азыркы парламенттик демократия багытыбызга калыптанып калган элдик башкаруунун уландысы катары караганыбыз оӊ",– деди ал.

Ошондой эле 2010-жылдагы конституциялык өзгөрүүлөрдөн улам, парламенттик башкаруу формасын тандап алган Кыргызстандагы акыркы жаӊыланууларга токтолгон Төрага: "Жогорку Кеӊештин азыркы жасап жаткан иштери парламентаризмдин башкы милдеттемелерине туура келет деген ойдобуз. Тагыраагы, ушул системада жашап жаткан жети жыл ичинде парламентибиз баардык мамлекеттик жана коомдук турмушка жигердүү аралашып келди. Маанилүү чечимдердин кабыл алууда, коомдогу туруктуулукту сактоодо жана саясий теӊ салмактуу баарлашууларды уюштурууда негизги борбордук аянтча катары кызмат кылды. Бирок, мындан аркы парламенттеги коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык тынымсыз жаӊылануулар үчүн жаӊы Өнүгүү стратегиясы зарыл", - деп билдирди.

Ал эми парламент убакыт жана коом талап кылган баардык муктаждыктарды канаттандыруучу башкы уюм болушу керектин айткан Чыныбай Турсунбеков: "Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясында жогорудагы саналып өткөн баардык талаптарды камтылды. Анткен менен, "Эӊ мыкты стратегиялык план дагы жогорку ыкмада аткарылбаса – пайдасыз" деп немис генералы Эрвин Ромель айткандай, аталган Өнүгүү стратегиясын биргелешип, туташ ишке ашырышыбыз зарыл",- деди.

Мындан сырткары, Төрага Чыныбай Турсунбеков стратегиялык планды иштеп чыгууга колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдарг, өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип: "Парламенттик демократияга багыт алган Кыргызстан үчүнбашынан парламентаризм жаатында иш алпарган өлкөлөрдүн тажрыйбасы өтө керек", - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий