• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чыныбай Турсунбеков: "Дүйнөдөгү туруктуулук ар бир мамлекеттен көз каранды"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул тууралуу 28-мартта КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы менен ЕККУ Парламенттик ассамблеясы биргелешип уюштурган эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча парламенттик конференциянын жүрүшүндө билдиргенин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков "кансыз согуш" аяктагандан кийин эл аралык коомчулук дүйнөнү кыйроого учураткан жана миллиондогон адамдарды жер которууга мажбурлап, гуманитардык жардамга муктаж кылган терроризм, экстремизм сындуу дүйнөлүк алааматка кептелгенин белгилеп: "Кыргызстан терроризмди чечкиндүү айыптоо менен бирге бул жааттагы коркунучтарга каршы жүргүзүлгөн улуттук, аймактык жана эл аралык деӊгээлдеги иш- чараларда колдойт. Айрыкча, ЖККУ, КМШ, ШКУ, ЕККУ өӊдүү эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташууга жана БУУнун Дүйнөлүк контртеррористтик стратегиясы менен БУУнун Коопсуздук кеӊешинин резолюциясынын толук ишке ашырылышына кызыкдар", - деди.

Ошондой эле, терроризмге каршы эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган БУУнун 16 атайын документинин ону менен Кыргызстандын тыгыз иш алып барып жаткандыгын айткан Чыныбай Турсунбеков кабыл алынган эл аралык конвенциялардын жоболоруна улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү менен жаӊы укуктук-ченемдик актыларды даярдоо иши тынымсыз улантылып жатканын маалымдады. "Алсак, 2015-жылдын февраль жана май айларында Кыргызстандын соту "Ислам мамлекети", "Жабхат Ан-Нусра" өӊдүү бир катар уюмдарды террористтик жана экстремисттик уюм катары таанып, өлкө ичиндеги ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Андан тышкары, террордук ишмердүүлүккө каршы адистерди даярдоо, тренингдерди өткөрүү, жанкечтилик идеяларынын жайылышын ооздуктоо, интернеттеги коопсуздукту камсыздоо, ЖМКлар аркылуу терроризмге каршы үгүт кампаниясын уюштуруу жана башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу сыяктуу комплекстүү иш- чалалар жүргүзүлүүдө" - дейт ал.

Мындан тышкары, Кыргызстанда баардык ишенимдердин принциптерин эске алуу менен диндер аралык байланышты чыӊдоого, диний радикализмди болтурбоого жана жарандарды толеранттуулукка чакырууга өзгөчө көӊүл бурулуп жаткандыгын айткан Чыныбай Турсунбеков коомго коркунуч жараткан диний экстремизмге, кесепеттүү радикалдык агымдарга каршы атайын жумуштар жасалып жатканына токтолду. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен мамлекет жана диндер аралык өз ара карым-катнашты камтыган 2014-2020- жылдарга чейинки диний багыттагы мамлекеттик саясат концепциясы кабыл алынгандыгын мисал келтирди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ооганстандагы туруксуз саясий абал жана аталган аймактагы террордук топтордун активдешүүсү Кыргызстанды да тынчсыздандырып жаткандыгын айтып, Кыргыз Республикасы ал жактагы абалды турукташтырууга жана Ооганстандын дүйнөлүк кызматташтыгынын чыӊдалышына кызыкдар экенин билдирди. Сөзүнүн аягында Чыныбай Турсунбеков дүйнөдөгү туруктуулук ар бир мамлекеттен көз каранды экенин баса белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу аркылуу да терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө болорун кошумчалады.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозова бар.

Пикир

Оставить комментарий