• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чыныбай Турсунбеков ИИМди "Коопсуз шаар" жана жаңы кодекстер үчүн сынга алды

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ишин сынга алды. Ал сын пикирин Бишкектеги тегерек стол учурунда билдирди.

Анын айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорунун башында Ички иштер министрлиги турганы үчүн ушунча жылдан бери ишке ашпай келди.

"Алар кеңештерди укпай, баарын өз колуна алып, долбоорду аксатып койду. Азыр долбоор ИИМдин катышы жок иштеп жатат. Ошондуктан ийгиликтүү болууда", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал 2019-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштаган жаңы кодекстер тууралуу айтып өттү.

"Ал мыйзамдарды биз 2013-жылдан бери иштеп чыгып, 2017-жылы акыркысын кабыл алып ИИМ менен Башкы прокуратурага таанышуусу үчүн бергенбиз. Башкача айтканда биз аларга жаңычылдыктар менен таанышып, кошумча иштерди жасоосу үчүн 2 жыл бергенбиз. Бирок кемчиликтер эми гана чыга баштады. Бул эки жылда биз эч нерсе жасабаган болуп, аларды кабыл алганыбыз үчүн айыптап жатасыздар. 114 эксперт мыйзамдар менен таанышып, 2019-жылы гана кемчиликтер тууралуу айтып жатасыздарбы?", - деп ал нааразыланды.

Пикир

Оставить комментарий