• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чыныбай Турсунбеков: “Мекенибизди коргоо кыргызстандыктардын сыймыктанып аткарчу асыл милдети”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23-февраль /Кабар/. Жогорку Кеъештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө ЖК төрагасынын куттуктоосунун толук тексти берилет:

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу мекенибиздин коргоочулары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнү менен куттуктайм!

Доорлор алмашып, ар бир жыл өз жаңычылдыгы менен өзгөчөлөнүп турган заманда мекендин кадыры, алтын бешиктей Ала-Тообуздун асылдыгы, ырыс-куттун көөнөрбөс булагы катары элибизге күч-кубат берип келет. Айрыкча, Ата-Журтубуздун ыйыктыгы алыс жүргөн учурда гана билинбей, бардык учурда колдоп тургандай сезилет. Андыктан, Айкөл Манас баштаган Барсбек, Тайлак, Шабдан өңдүү бабаларыбыздын жолун улай, Ата-Мекенибизди коргоо биздин ыйык парзыбыз. Бирок, кыргыз жерин көздүн карегиндей сактоо бул мырзалардын гана иши эмес. Жалпы кыргызстандыктардын сыймыктанып аткарчу асыл милдети. Алсак, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза жана Курманжандай энелерибиз кыргыз элинин мамлекет катары калыптанышына зор салым кошуп, мекенчилдиктин бийик үлгүсүн көрсөтүшкөн.

Андан тышкары, жергебизге душман бутун бастырбай чек арабызда чеп болуп турган чек арачыларыбыздын жана аскер кызматкерлеринин иши өлкө үчүн маанилүү болгондой эле, өз тармагында иш алып барган ар бир кыргызстандыктын мамлекетибиздеги туруктуулукту сактоодогу ролу жогору. Ошондуктан, баарыбыз өз ишибизди Ата-Журтубузга кылган ак эмгегибиз катары жоопкерчилик менен чын дилден аткаралы. Анткени баарыбыздын келечекке калтырар башкы мурасыбыз, бүтүн жана гүлдөгөн Кыргызстан.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! Өлкөбүздө тынчтык болуп, бакубатчылык менен токчулук өкүм сүрсүн. Кудайым элибизди капыстан келген жоодон, капилет чыккан кырсыктардан сактасын. Улуулардын жолун жолдой, урпактарыбызга гүлдөгөн Кыргызстанды калтыралы. Мамлекебизде туруктуулук болуп, биримдик жана ынтымактын гана күлкүсү жаңырсын”.

Пикир

Оставить комментарий