• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чыныбай Турсунбеков: "Парламенттер аралык байланыштарды арттырууну колго алышыбыз керек"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. 13-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттык делегация Пакистан парламентиндеги кыргыз-пакистан достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада парламенттер аралык мамилелерди достук топторунун тыгыз кызматташтыгы аркылуу кеӊейтүүгө болору айтылып, тараптар байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков парламенттик демократиялык багытты тандап алган Кыргызстан үчүн Пакистандын бул жааттагы тажрыйбасы өтө зарыл экенин белгилеп: "Күндөн-күнгө парламенттик достук топторунун жана депутаттардын кызматташтыгы жигердүү өнүгүп барат. Себеби, эки мамлекет үчүн ар тараптуу алакалардын мааниси чоӊ. Андыктан, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытындагы бардык иш-чараларды жана долбоорлорду колдоого алышыбыз керек", - деди.

Ал эми кыргыз-пакистан парламенттик достук тобунун мүчөсү, депутат Кубанычбек Нурматов Жогорку Кеӊештин ишмердүүгү жөнүндө маалымат берип, парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу учкай кеп кылды.

Ошондой эле достук топтору мыйзам чыгаруу жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарылчылыгына токтолушту.

Эске салсак, кыргыз-пакистан парламенттик достук тобунун курамына Жогорку Кеӊештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, А.М.Султанов, И.Ю. Карамушкина жана К.С.Нурматовдор кирет.

Пикир

Оставить комментарий