• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкер болушу мүмкүн

Саясат 0

Бишкек, 30-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкер болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине спикердин басма сөз катчысы Мирлан Токталиев билдирди.

Анын айтымында, Турсунбеков бул тууралуу жыйынтыктоочу маалымат жыйында билдирген. Анткен менен ал Турсунбеков президентикке талапкер болобу так айткан жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кабарга” билдиргендей, ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбековдон талапкер болууга расмий кайрылуу түшкөн эмес.

Чыныбай Турсунбеков КСДП фракциясынын мүчөсү. Анткен менен партиянын саясий кеңеши президенттикке талапкер катары премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн. Турсунбеков өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары шайлоого барышы мүмкүн.

БШКнын расмий маалыматына ылайык, учурда президенттике 11 талапкер документ тапшырган:

- «Чистые патриоты Кыргызстана» партиясынын лидери Назаркул Нышанов

- Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» партиясынын лидери

- «Аурдин» ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев

- Ата мекендик өндүрүш бирикмесинин төрагасы Бакыт Дегенбаев

- Укук коргоочу Рита Карасартова

- Латвиянын Бишкектеги «Маро» компаниясынын төрагасы Сайнидин Султанидинов

- Борбордук Азия Эл аралык университетинин проректору Камила Шаршекеева

- экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу

- экс-премьер-министр Темир Сариев

- БУУнун Афганистандагы саясий миссиясынын мурдагы директору Таалатбек Масадыков

-«Өнүгүү-прогресс» партиясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев

Пикир

Оставить комментарий