• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чыныбай Турсунбеков: “Сары өзөн Чүй - берекелүү жер, Жараткан жазган мындай белегин туура колдонолу”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун, Токмок шаарынын активдери менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Токмок шаарында өткөн жолугушууда Төрага Чыныбай Турсунбеков шайлоочуларга Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, 2021-жылга чейинки Жогорку Кеңештин өнүгүү стратегиясы тууралуу учкай маалымат берип, мыйзам чыгаруу органы коомчулукка ачык иш алпарып жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков өткөн жылдын 11-декабрындагы жериликтүү кеңештерге шайлоолор менен катар КР Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум салттуу демокартиялык принциптердин негизинде өткөндүгүнө токтолду. Өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан саясат туура багытта бараткандыгын билдирген Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Алдыдагы Президенттик шайлоо дагы таза, ачык-айкын өтөрүнө ишенем”, - дейт. Ал шайлоочуларга республика боюнча коррупцияга каршы иш мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатканын, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон инвесторлорго жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын жана жаңыдан ишке кирген Бюджеттик кодекс социалдык багытка басым жасалуу менен иштелип чыкканын чечмелеп берди.

Жолугушууга келген райондордун активдери менен жергиликтүү кеңештердин депутаттары таза суу, мектеп курулуштарынын аягына чыкпай жаткандыгы сыяктуу бир катар социалдык көйгөйлөрдү эл өкүлдөрүнүн астына коюшту. Ошону менен катар, Токмок шаарындагы аймактык оорукананын, Балдар үйүнүн жылуулук маселеси көтөрүлдү. Мындан сырткары, облустагы сугат суу көйгөйү, айылдарды байланыштыруучу жолдордун абалы, элет жерлеринде турак-жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо, дары-дармектердин баасынын кымбаттыгы, муниципиалдык кызматкерлердин айлык акыларынын аздыгы сындуу маселелердин чечилишин талап кылышты. Токмок шаарынын тургундары болсо шаар аймагында жер алдынан чыккан суунун деңгээли көтөрүлүп баратканына коңгуроо кагып, бул жагдайды жөнгө салууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жер алдынан көтөрүлүп жаткан суулар боюнча эксперт адистердин тобун түзүү менен, бул жагдайды тыкыр иликтеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алуу керектигин билдирди. Ал эми дары-дармек маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчиси жаңы алмашкандыгын маалымдап, пенсионерлерге дары-дармектерден жеңилдиктерди берүү боюнча өзүнчө бир система иштелип чыгышы керектигин, бул боюнча дагы тапшырма берилерин жооптоду.

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков 2 күндөн бери Чүй боорун кыдырып, айыл чарба, өндүрүш ишканалары жандана баштаганына күбө болуп келатканына токтолуп: “Өндүрүш бар жерде, дыйканчылык жүрүп жаткан жерде, албетте, экономикалык маселелер чыгат. Мунун баарын биргелешип чечишибиз зарыл”, - дейт. Мындан сырткары, райондордун активдеринен, жергиликтүү бийлик органдары менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан көп маселелер көз каранды экенин баса белгилеп, аларды бар күч-арекетин жолугушууда көтөрүлгөн жергиликтүү маселелерди чечүүгө чакырды. Ал эми дагы бир катар маселерлерди тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун астына коюп, алардын аткарылыш көзөмөлгө алаарын белгиледи. “Сары өзөн Чүй – берекелүү жер, Жараткан жазган мындай белегин туура колдонолу”, - дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Чүй облусунун чыгыш зонасына болгон жумушчу сапарына депутаттар Бактыбек Жетигенов, Акылбек Жамангулов, Пархат Тулендыбаев, Бахадыр Сулейманов жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий