• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чыныбай Турсунбеков жумушчу сапар менен Чүй облусун кыдырып жүрөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чүй облусунун Панфилов районундагы “Кайыңды-кант” заводу жана эт багытында иш алпарган “Арстанбек” мал чарбасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы “Кайыңды-Кант” заводуна барды. “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун (ААК) директору Александр Шалюта бүгүнкү күндөгү кант заводунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Кант заводунун ишмердүүлүгүн көрүп чыккандан кийин Панфилов районундагы кант кызылчасын эккен дыйкандар менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар Жогорку Кеңеш Төрагасынын астына кант кызылчасынын уругу кымбат болуп жатканын коюшту. Алардын белгилөөсүндө ушундай эле урукту коңшу Казакстандан эки эсе арзан алса болот. Ал эми “Кайыңды-Кант” заводу 1 куту урукту (1,5 куту 1 га жерге себилет) сапатына жараша 4500 сомдон 8000 сомго чейин сунуштап жатат. Дыйкандар мээнет төккөн эмгегинен баар тапкандай болушу керектигин айткан Чыныбай Турсунбеков кант кызылчасынын уругунун баасы боюнча маселени КР Өкмөтүнө, Монополияга каршы кызматына тапшырма берилерин убада кылды. Ошону менен катар дыйкандардын эмгеги өзүн өзү актабай, күйүп кетпеши керектигин баса белгиледи.

Андан соң Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар малды бордоп семиртүү менен алектенген “Арстанбек” мал чарбасынын ишине күбө болушту. “Арстанбек” ААКсынын директорлор кеңешинин төрайымы Зарылкан Акматованын айтымында, бул ишканада мал чарба продукциялары өндүрүлүп, эт багытындагы абердин-ангус тукумундагы топоздор кармалат. Малдын этин жеринен 250 сомдон кардарлар алып кетет. Мындан сырткары, сүт багытындагы эчкилерди көбөйтүү максаты турат. Жогорку Кеңеш Төрагасынын суроолорунан кийин бул чарбада 56 адам жумуш менен камсыз болгондугу, ишкана мамлекетке жылына 1 млн. 125 миң сом салык төлөөрү белгилүү болду. Эл өкүлдөрү чарба жетекчилерине ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Чүй облустуна болгон жумушчу сапарына депутаттар Бакирдин Субанбеков, Кожобек Рыспаев, Элвира Сурабалдиева жана Бактыбек Райымкулов, КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев, КР Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов баштаган облус жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий