• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чыныбай Турсунбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, достору, туугандары жана жакындары катышты.

Чыныбай Турсунбековдун Кыргызстандагы парламентаризмдин өнүгүүсүнө кошкон салымы жогору экенин белгилеген Жумабеков: "Ал парламенттин депутаты жана төрагасы катары эгемен өлкөбүздөгү парламентаризмдин калыптанышында барандуу эмгек кылды”, - деди.

Муну менен катар Чыныбай Турсунбеков чыныгы эл өкүлү болгонун айткан төрага: "Жарандардын кызыкчылыгын көздөп, парламенттин жыйындарында эң актуалдуу жана маанилүү маселелерди көтөрчү, негиздүү жана салмактуу жүйөөлөрдү келтирчү", - деп билдирди.

Ошондой эле адилеттүү, жароокер адам болгонун, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө өзүн кесипкөй депутат катары көрсөтө алганын кошумчалаган Дастанбек Жумабеков: "Оор жоготууга байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деди.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 59 жаш курагында өпкөнүн сезгенүүсүнөн улам каза болду. Анын сөөгү бүгүн, 7-июлда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Пикир

Оставить комментарий