• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чыныгы баатырлар мамлекеттин тарыхында калышы керек - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шааарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Комиссиянын ишмердигин күчөтүү жана натыйжалуулугун арттыруу максатында КР Президентинин Жарлыгына анын курамы боюнча өзгөртүүлөр киргизилген — биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов комиссиянын төрагасы болуп бекитилген. Анын курамына министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери кирген.

Мындан тышкары, «Мекен шейиттери», «Эр Теги», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом» жана «Апрель Баатырлар Биримдиги» коомдук бирикмелердин сунуштары менен комиссиянын курамына аталган коомдук бирикмелердин мүчөлөрү кирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы окуяларда жабыркагандар жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө дайым мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлөөрүн белгиледи. «Бардыгы үчүн бирдей, туруктуу колдоо жана мамлекет тарабынан жардам болушу керек», — деп белгиледи Президент.

Социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссияга жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо, дарылоо жана эс алуу маселелерин бир кылка чечип, жыйындарды үзгүлтүккө учуратпай өткөрүп турууну сунуштады.

«Чыныгы баатырлар мамлекеттин тарыхында калышы керек. Бул окуялар өлкөнүн билим берүү системасынын тарых боюнча окуу китептеринде чагылдырылып, илимий баа берилиши керек», — деп айтты Мамлекет башчысы жана 2010-жылдагы окуялар — бул өлкөнүн тарыхы жана аны эч ким бурмалай албасын белгиледи.

Апрель окуяларынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов бардык «апрелчилердин» атынан жабыр тарткандарды жок дегенде жарым жылда бир жолу медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчүн билдирди, анткени жарат алгандардын көбү тиешелүү медициналык жардамды ала албай жүрүшөт.

Ошондой эле ал мамлекет башчысынын 2010-жылдагы окуяларга илимий баа берүү пикирин колдоп, өзү дагы бул окуялар тууралуу илимий эмгек жазып жатканын кошумчалады.

Жолугушуунун катышуучулары Президент Сооронбай Жээнбековго колдоосу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти жана 2010-жылдагы окуялардын катышуучулары саясий оюндардан тышкары болушу керектигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий