• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чыныгы турак жай кооперативин каржы пирамидасынан кантип айырмалоого болот? Экономисттин жообу

Коом 0


Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Экономикалык илимдердин докторанты, каржы жана кооперациялар жаатындагы эксперт Кубан Чороев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында чыныгы турак жай кооперативин каржы пирамидасынан кантип айырмалаш керек экенин айтып берди.

Анын айтымында, өлкөдө кооперациянын философиясын түшүнбөй туруп, каржы пирамидасынын классикалык белгилери менен кооператив уюштуруп, ишмердүүлүгүн ыкчам баштаган адамдар пайда болду.

“Чыныгы кооператив демократиялык башкаруу формасына ээ. Анда башкаруу органдары болот: Башкаруу, кеңеш, ревизиондук комиссия, мунун бары кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында тандалат. Ошондой эле чыныгы кооперативде кооперативдин бардык мүчөлөрүнүн саны, кооперативдин акционерлери, канча акционер батир сатып алганы, канчасы кезекте турганы, ким канчанчы кезекте турганы жөнүндөгү маалыматка ачык жеткиликтүүлүгү да маанилүү критерий болуп саналат. Каржылык абалы жөнүндө маалымат, аудитордук отчеттор реалдуу убакыт режиминде (сайтта онлайн) жеткиликтүү болот. Кооператив жөнүндөгү мыйзамдын 2-беренесине ылайык, кооперативдин ишмердүүлүгү жана каржылык абалы жөнүндөгү маалыматка жеткиликтүүлүк анын мүчөлөрү үчүн негизги принциптердин бири болуп саналат”, - деп белгиледи ал.

Ал чыныгы турак-жай кооперативи эч качан турак жай алуу убактысына кепилдик бере албай турганын белгиледи.

“Анткени кезек тууралуу маалымат ачык, кооперативдин мүчөлөрү кезекке карап багыт алышат, кезектин жылышына карап турак-жай алышат. Эгер кооператив белгилүү бир мөөнөттө турак жай алууга кепилдик берип, аны келишимде көрсөтсө, анда бул 100% каржы пирамидасы. Каржы пирамидасы орточо 2 жыл аралыгында жок болот”, - деди ал.

Анын пикиринде өлкөнүн мыйзамына айрым толуктоолорду киргизүү керек. “Биринчи, туракжай кооперативдерине турак алуунун убактысы боюнча кепилдик берүүгө тыюу салуу. Ошондой эле, кооперациянын ар бир мүчөсү онлайн кезек тууралуу маалыматы болушу керек деген. Мыйзамга мындай толуктоолорду киргизүү жарандарды жалган кооперативдерден сактайт”, - деди экономист.

Өз кезегинде ишкер, адискөй инвестор, инвестиция жана кооперация жаатындагы эксперт Таласбек Акылбеков өлкөдөгү кооперативдердин ишмердүүлүн текшерүү өтүнүчү менен мамлекеттик органдарга кайрылды.

“Учурда ар кандай кооперативдердин катарына кирип, жабырлануучу болуп калышы мүмкүн болгон адамдардын саны өсүүдө. Балким жазында бул адамдар митингге чыгып, жалпысынан бардык кооперативдерди жабууну талап кылышат, ошентип, эң жакшы кыймыл бузулуп калышы мүмкүн. Мындай кырдаал коңшу өлкөлөрдө болгон, ошондуктан биз анын алдын алышыбыз керек”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий