• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Чырактар" кыска метраждуу тасмасы Нидерланддагы балдар кинофестивалында көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Кыргызстандык "Чырактар" кыска метраждуу тасмасы Нидерланддагы "Cinekid" балдар кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстанын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль 7-октябрдан 8-ноябрга чейин онлайн режимде болуп өтөт.

Тасманын режиссеру - Данияр Абиров. Ал тасманын сценарийин жазып, операторлук, үн режиссеру, монтажерлук милдеттерди аткарган.

Пикир

Оставить комментарий