• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чжухай-Гонконг-Макао көпүрөсү

Дүйнө 0

Учурда адам баласы илимий жетишкендиктерине таянып, курулуш, медицина, өндүрүш ж.б. тармактарда мурда болуп көрбөгөн ийгиликтерге жетишүүдө. Дүйнөдө эки тоону бириктирген асма көпүрөлөр, деңиз үстүнөн салынган көпүрө, жасалма аралдар ж.б. салынууда. Мындай ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан өлкөлөрдүн бири – Кытай. Ал былтыр Кытайдын түштүгүндө үч шаарды – чыгышта Гонконг атайын административдик районун, батышта Чжухай жана экинчи административдик атайын район – Макаону бириктирип турган Чжухай-Гонконг-Макао көпүрөсүн ишке берген. Анын курулушун Чжухай, Гонконг жана Макао шаарлары бирге жүргүзгөн.

Көпүрөнүн курулуш иштери 6 жылдык даярдыктан кийин 2009-жылы 15-декабрда башталып, 9 жылдан кийин аяктаган – 2018-жылдын 24-октябрында ишке берилген. Жалпы жонунан көпүрөнүн курулушуна 20 млрд долларга жакын каражат сарпталган.

Үч шаарды бириктирген көпүрөнүн узундугу 55 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын тоннель түзүп, ал суу алдынан өткөн. Көпүрө суу алдына кетип, тоннель менен бириге турган жеринде эки жасалма арал салынып, алардын ар биринин аянты 10 миң чарчы метрди түзөт. Күн сайын бул көпүрө аркылуу 4 миң унаа өтүп турат.

Жасалма аралдардын биринде музей салынган. Ал музей азырынча жабык, бирок, жакын арада туристтер үчүн ачылат. Музейде көпүрөнүн курулушунун жүрүшү, анын салууда колдонулган технологиялар ж.б. менен таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий