• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Cинтетикалык баңгизаттарга азгырылгандардын саны өсүүдө - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда баңгизат рыногу өзгөрүп, синтетикалык баңгизаттарды азгырылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольский билдирди.

Ал белгилегендей, алардын алдында турган милдеттердин бири – эл арасында профилактикалык иштерди жүргүзүү. Ошондой эле, жаңы психоактивдүү заттар менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

“Акыркы күндөрдө баңгизат рыногу өзгөрүп, көптөр синтетикалык заттарга азгырылууда. Биз, ал боюнча иш алып баруудабыз. Интернет аркылуу сатуу фактылары көбөйдү. Биз окуучулар жана студенттер арасында 10дон ашык профилактикалык иш-чараларды өткөрдүк”, - деди ал.

Запольский белгилегендей, синтетикалык баңгизаттар биздин өлкөдө жайыла баштагандыктан 2016-жылы синтетикалык баңгизаттар менен күрөшүү боюнча атайын кызмат түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий