• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

CNN: Сириядан аскерлерди чыгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган

Дүйнө 0

Бишкек. 24.12.18 /Кабар/. Сириядан АКШ аскерлерин чыгарып кетүү боюнча буйрукка кол коюлган. Бул тууралуу CNN телеканалы Кошмо Штаттардын коргонуу мекемесиндеги өз булагына таянуу менен билдирди. Документке отставкага арыз жазган коргоо министри Жеймс Мэттис кол койгон.

Буйрукта Сириядан аскерлерди чыгаруунун тартиби жана мөөнөтү аныкталган. Документ бир нече жумадан кийин ишке ашырылары күтүлүүдө.

19-декабарда АКШ президенти Дональд Трамп жакынкы эки ай аралыгында Сириядан америкалык аскерлер чыгарыларын жарыялаган. Бул кадам Американын союздаштарнда гана эмес, Конгрессте дагы сын пикирлерди жараткан. Коргоо министри Жеймс Мэттис кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Күн мурун Ак үйдүн өкүлү президент Дональд Трамп чечимин өзгөртпөй турганын билдирген. “Президент башында эле АКШнын Сирияда түбөлүк калуусун каалабай турганын айткан. Сиздер азыр эки жылдык иштин жыйынтыгын көрүп турасыздар”, – деген ал.

Франция президенти Эммануэл Макрон АКШ Сириядагы аскерлерин чыгарып кетүүнү чечкенине байланыштуу өкүнүчүн билдирген. "Өнөктөш ишенимдүү болушу керек эле" деген ал. Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы, сенатор Боб Коркер Трамптын чечимин сындап, АКШнын “ишенимсиз” өнөктөш деп атаган.

АКШ башында турган эл аралык коалиция Сириядагы радикал исламчыларга каршы күрөштү 2014-жылы баштаган. Коалиция Сириянын демократиялык оппозициясын колдоодо.

Бул арада президент Дональд Трамп коргоо министринин милдетин аткаруучу кылып буга чейин министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген Патрик Шанаханды дайындады.

Пикир

Оставить комментарий