• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

CNN Трамптын кабарчыларды мазактаган видеосун айыптады

Дүйнө 0

Бишкек, 3-июль /Кабар/. АКШ президентинин Твиттерде жарыялаган адаттан тыш видеосун журналисттер CNN жана башка медиалар менен Дональд Трамптын ортосундагы жаңжалды өөрчүтөт деп баалашууда.

Президенттин 2-июлда Твиттерде жайгаштырган видеосу мындан бир нече жыл мурун тартылган. Тасмадан ошол кездеги бизнесмен Трамптын рестлинг мелдешинде рингден кулап түшкөн балбанды сабап жатканын көрүүгө болот. Бирок спортчунун бети CNN деген электрондук беткап менен жабылган.

Америкалык ММКлар салттуу түрдө президенттер менен тартышып келишет, бирок Дональд Трамп журналистер менен кагылышууда жаңы кадамга барганы белгиленүүдө.

CNN кабарчыларга карата зобулукту колдогон президенттин позициясы аянычтуу экенин жарыялады. “Биз өз ишибизди жасоону улантабыз. Президент өз милдетин аткара баштоосу абзел” деп айтылат билдирүүдө.

Дональд Трамп АКШ президенти кызматына киришкенине алты ай болду. Коомдук пикирди сурамжылоолор көрсөткөндөй, америкалыктар арасында анын кадыр-баркы төмөн.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий