• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Comedy Club” жана “Comedy Woman” резиденттери Бишкекке келет

Маданият 0

Бишкек, 19.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Comedy Club” жана “Comedy Woman” резиденттери Бишкекке келип, “Аял издейм. Кымбат эмес!” аталыштагы комедиялык спектакль тартуулашат. Бул тууралуу уюштуруучулар “Радужка” коомдук фонду билдирет.

Спектаклды 21-мартта саат 17:30, 19:30да Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында көрүүгө болот.

Аталган спектакль сүйүүдөгү күтүлбөгөн темаларга арналган. Артисттер күлкүнүн жардамы менен материалдык байлык ички жан дүйнөнүн баалуугуна караганда жогорку баалана тургандыгын сахнада чагылдырып беришет.

Сергей Беловдун “Аял издейм. Кымбат эмес!” пьесасынын премьерасы 2010-жылы болгон. Ушул убакытка чейин спектакль онго жакын шаарларда коюлуп, көрүүчүлөргө жагып келет.

Жакында спектакль Бишкек көрүүчүлөрүн багындырганы келмекчи.

Пикир

Оставить комментарий