• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Cоциалдык коргоо жана кесиптик уюм кызматкерлеринин күнү – Статистикалык маалыматтар

Коом 0

Бишкек, 19.10.19. /Кабар/. Бүгүн 19-октябрь күнү Кыргызстанда Cоциалдык коргоо жана кесиптик уюм кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Бул күнгө карата Улуттук статистика комитети аталган тармактарга тиешелүү кыскача статистикалык маалыматтарды даярдаган.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын август айына карата социалдык коргоо тармагында 4,1 миң киши иштеген.

Өлкөбүздө калкты социалдык жактан коргоого каражат мамлекеттик бюджет, ошондой эле Социалдык фонддон бөлүнөт.

2018-жылы Социалдык фонддун чыгымдары (республикалык бюджеттен түшкөн каражаттын эсебинен берилген төлөмдөрдү кошкондо) 2014-жылга караганда 1,3 эсеге көбөйгөн. Алардын негизги бөлүгү пенсияларды төлөөгө жумшалып, 2018-жылы ал жалпы чыгымдардын дээрлик 85%ын түзгөн.

Акыркы беш жылда мамлекеттик бюджеттен социалдык коргоого сарпталган чыгымдардын үлүшү орточо 16-19% болгон жана ал жакка бөлүнгөн каражаттын көлөмү жыл сайын артууда. 2018-жылы социалдык коргоого кеткен каражаттын көлөмү 2014-жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге көбөйүп, 30 млрд сомдон ашкан.

2018-жылдын аягына карата мамлекеттик жөлөкпул алгандардын саны 365,2 миңди түзгөн. Ошол эле учурда балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду 89,3 миң үй-бүлө же 276,4 миң адам алып келген. Аны менен бирге социалдык жөлөкпул алгандардын саны 88,8 миң адамды түзгөн.

Беш жыл ичинде (2014-2018-жылдары) социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 1,3 эсеге көбөйгөн. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 2018-жылдын аягына карата бир адамга 875,7 сомду түзгөн (1,6 эсеге өскөн).

Социалдык фонддун, башка министрликтердин жана мекемелердин пенсиялык органдарында каттоодо туруп, пенсия алгандардын саны (2018-жылдын аягына карата) 695 миң адамды түзгөн. Беш жыл аралыгында бир айлык пенсиянын орточо өлчөмү 4 миң 710 сомдон (2014 - жыл) 5 миң 761 сомго (2018-жыл) чейин өскөн.

Кесиптик уюмдар

2018-жылы Кыргызстанда 416 кесиптик уюм иштеп келген. Алар каттоого алынган уюмдардын жалпы санынын 55%ын түзөт. Кыргызстанда кесиптик уюмдардын мүчөлөрүнүн саны 885 миң адамды түзөт.

2018-жылы аталган уюмдар 552 млн. сом көлөмүндө каржы ресурстарына ээ болуп, алардын басымдуу бөлүгү (89%) мүчөлүк акы түрүндө түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий