• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVAX механизминин алкагында Кыргызстанга Европадан вакцина келди

Аналитика 0

Акыркы убакта Кыргызстанга түрдүү өндүрүштөгү вакциналардын партиялары келип жатат. Азыр республикада Россия, Казакстан, Кытай жана Европадан келген вакциналар менен эмделүүгө болот. Эксперттер жалпысынан алганда вакциналар бири-биринен анча деле айырмаланбайт жана жалпы базага ээ экенин айтышканы менен калк үчүн тандоонун болуусу маанилүү. Муну менен катар, 2-августтагы абал боюнча 450 миң адам вакцина алды, анын ичинен 116 миңден ашыгы экинчи доза алгандар.

Партиялардын бир бөлүгү COVAX келишиминин алкагында келгени маанилүү факторлордун бири болуп саналат. Бул дары-дармектерди тез жана бирдей бөлүштүрүүнү көздөгөн программа.

«COVID-19 менен күрөшүү үчүн дары-дармектерге жетүүнү тездетүү боюнча демилге ооруга каршы COVID-19 илдетин диагоностикалоо жана дарылоону, вакцинаны иштеп чыгууну, өндүрүүнү жана адилеттүү бөлүштүрүүнү тездетүү үчүн иштелип чыккан биргелешкен кызматташтык механизми. COVAX программасынын ишин ГАВИ альянсы, эпидемиологияга даярдыкты камсыздоо жаатындагы инновациялык коалиция жана ДССУ биргеликте жетектейт. Анын максаты COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгып, өндүрүү, андан тышкары, аларды дүйнө өлкөлөрү арасында адилеттүү жана бирдей бөлүштүрүүнү камсыздоо болуп саналат», - деп айтылат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында.

Системанын артыкчылыгынын ичинен төмөнкү пункттар белгиленген:

  • Кеминде өлкөнүн калкынын 20%ын вакцинанын дозалары менен камсыздоо
  • Вакцинаны ар түрдүү жана ыкчам тууралоо портфели
  • Вакциналар даяр болгон учурда тез жеткирүү
  • Пандемиянын олутуу фазасын токтотуу
  • Экономиканы калыбына келтирүү

Июлдун аягында Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 26 миң дозасы келген. Жүктү кабыл алуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өнөктөштөргө ыраазычылык билдирген.

«Эпидемияга даярдыкты камсыздоодогу инновациялар үчүн коалициясынын бардык катышуучу өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө, Вакцинация боюнча Глобалдык Альянска жана ЮНИСЕФ, ошондой эле COVAX механизмине катышкан өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиргим келет. Өлкө жетекчилиги коронавирус инфекциясына каршы калкты вакцинациялоого приоритеттүү маани берет, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртууга, оорунун деңгээлин кыскартууга, экономикалык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, окуу процессин салттуу формада жандандырууга мүмкүндүк берет. Мен жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөгө чакыргым келет, эмдөө сизди жана жакындарыңыздын ден-соолугун коргойт», – деди Жылдыз Бакашова.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасы бардык процедуралардан өткөндөн кийин, 2020-жылдын сентябрь айында 190 өлкө мүчөсү катары камтылган COVAX платформасынын мүчөсү болду. Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө AstraZeneca вакцинасын болжол менен 49 млн адам алган, ал эми Кыргызстанда бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1 285 адам алган.

Жылдыз Бакашова эл аралык өнөктөштөр менен жалпы максаттарга жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин мындан аркы тыгыз кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.

COVAX механизми COVID-19ша каршы вакциналарга бирдей жана акыйкат жеткиликтүүлүгүн камсыздоону колдоого алат, бул пандемияны токтотуунун маанилүү шарттарынан болуп саналат деп белгиледи Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело. «COVAX глобалдык демилгесинин бөлүгү катары саналган ЮНИСЕФ жана ДСУ, ошондой эле өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракетине жараша, биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн өлкөгө вакцина жеткирүү ишинде колдой алдык. Эми ар бири туура чечим кабыл алуусу керек: вакцинация кылуу менен биз жакындарыбыздын өмүрүн сактап жана COVID-19дан коргоп калууга жардам беребиз», – деди ал.

Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр белгилегендей, COVAX механизми аркылуу берилген вакциналар өлкөдө жүрүп жаткан вакцинация кампаниясына олуттуу көмөк көрсөтөт.

«Кыргызстандагы эмдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү жакшырып жаткандыгына кубанып жатабыз жана бул вакцинанын партиясы менен өнөктүк иши мындан да ийгиликтүү болот деп ишенебиз. Бул биринчи гана этап, анткени биз жалпы 2,6 млн дозаны жеткирүүнү көздөп жатабыз, бул кыргызстандыктардын 20% вирустан коргоого жардам берет. Көпчүлүк донорлор колдоого алган COVAX программасы жок болсо, мунун бардыгын ишке ашыруу мүмкүн болмок эмес, анын ичинде Европа Биримдигинин 1 миллиард евро салымы бар», – деди Эдуард Ауэр.

AstraZeneca вакцинасы жөнүндө эмнени билүү керек?

Азыркы учурда аталган препарат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылып, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө колдонулуп жатат. Министрлик төмөнкү сактык чараларынын сакталышып белгилейт:

  • Эмдөөдөн кийин 15 мүнөттөн кем эмес байкоо жүргүзүү сунушталат;
  • Катуу фебрилдик ооруга чалдыккан адамдарга бул вакцинаны колдонуу жокко чыгарылышы керек;
  • Вакцина тромбоцитопениясы бар, кандын уюшу бузулган же антикоагулянттуу терапия алгандарга этияттык менен берилиши керек
  • Суук тийүүнүн жеңил формасында же дене табынын жогору болбогон учурунда вакцина берилет.

Ошондой эле COVAX программасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын апрель-майынан бери республикага 2,6 млн ашык шпирицтер, 25 миңден ашык коопсуз утилизациялоо үчүн кутулар келгенин белгилей кетүү зарыл.

«Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында апрель айынан июль айына чейин жалпысынан 2 млн 617 миң шприц жана коопсуз утилизациялоо үчүн 25 миң 800 бокс алынып келинген. Мындан тышкары, ЮНИСЕФтин негизги фонддорунун жана GAVI муздаткычтар чынжырча жабдууларын оптималдаштыруу платформасынын колдоосу менен улуттук муздаткычтар чынжырын чыңдоо үчүн август айында вакциналар үчүн 196 тоңдуруучу камералардын жана 86 аралаш муздаткычтын келүүсү күтүлүүдө»,-деп айтылат Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында

Жалпысынан вакциналардын бар экендигине токтолсок, кечээ, 1-августта Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын дагы 1,25 миллион дозасы келгенин белгилей кетүү керек.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий