• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. 11 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен бир киши жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 11 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен бир киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, ооруканаларда жалпы 472 адам дарыланууда.

“11 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен бир киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 91 адамдын абалы орточо оор, 370 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-июнга карата коронавирус жуктурган 37 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2166ны түзөт. Алардын ичинен 1668 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий